Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев президенттик шайлоо тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 1511 | 1

Саясатчы, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоо тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоодо негизги эки талапкердин ортосунда күрөш болот.

Бирок, Төрөбаев өзү айтып жаткан эки талапкердин аты-жөндөрүн алар расмий каттоодон өткөндөн кийин айтарын белгилеген. Ошондой эле «Бүгүнкү күндө эч бир саясатчы же эксперт шайлоодо ким утарын алдын ала айта албайт. Мен эки талапкердин тең жактоочуларына айткым келет, интернетте колдоп, талаш-тартыш жараткандын ордуна, элдин жүрөгүн, добушун алуу үчүн мыкты команда түзүп, иштөө керек», — деген кеңешин берди Бакыт Төрөбаев.

Мындан сырткары, Төрөбаев Кыргызстанда президенттикке татыктуу бир нече адамдар бар экенин, бирок, алардын көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү же командасы жок экенин айткан. «Ошон үчүн алар ута албайт. Бул шайлоодо эл президенттикке аттанган талапкерге эмес, командасына карап добуш берип калышы ыктымал. Андыктан, бул шайлоодо социалдык тармакта комментарий жазып, кайым айтышкандар, көчөдө кыйкыргандар утпайт. Мыкты команда түзө алгандар жеңишке жетет», — деп кошумчалаган.

Андан сырткары «Айрым маселелерди көчөдө кыйкырып жүргөн миң же беш миң адам чечиши мүмкүн. Бирок, шайлоодо жалпы эл чечет. Айыл өкмөттөн баштап, өкмөткө чейин жалпы бийлик бутактарына кайрылат элем. Бул шайлоого такыр кийлигишпегиле. Мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимдерге, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине эч кандай тапшырма бербегиле. Бул шайлоону элдин өзүнүн тандоосуна койгула. Жыйынтыгында жеңишке жеткен адамга биз баш ийишибиз керек», — деп белгилеген саясатчы.

1 пикир

1 пикир

  1. БАЯМАН

    02.11.2020 19:01

    Эң соонун пикир айтыптыр.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM