Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда күнүнө эң көп жөө баскан жарандарга мамлекет акча төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 855 | 0
Өзбекстанда күнүнө эң көп жөө баскан жарандарга мамлекет акча төлөйт. Мындай жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. Тактап айтканда, «Сергек жашоо образын жайылтуу жана массалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү иш-чаралары тууралуу» жарлык кабыл алынды.
Жарлыктын негизинде «Сергек жашоо образы» (www.1hls.uz) платформасы иштелип чыкты.  Анда:
  • Өзбекстандын аймагында бир сутка ичинде 18 жаштан жогору жаран он миң кадамдан көп баскан учурда ага электрондук капчыгына 3 000 сум төлөнөт.
  • Ар бир айда район боюнча эң көп жөө баскан жаранга 300 миң сум, ар бир облус ичинде эң көп баскан жаранга 500 миң сум, ал эми республика боюнча эң көп жөө баскан жаран үчүн 1 млн сум электрондук капчыгына которулат.

«Сергек жашоо образы» платформасы 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат.

Ошондой эле Өзбекстанда массалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча жөө басуу, чуркоо, мини-футбол, велоспорт, бадминтон, стритбол, «Workоut» (көчө фитнеси) тандалып алынып, аны калк арасында жайылтууга өлкө бюджетинен 104 млрд сум бөлүнмөкчү. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды массалык спортко тартууга 10 млрд сум каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM