Биз менен байланышыңыз

Кытай бийлиги калкынын санын эсептөөгө киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 600 | 0

1-ноябрда Кытайда жалпы өлкө аймагында эл каттоо башталды. Бул иш-чара өлкө тарыхында 7 ирет өтүп жатат. Анда 7 млн адам ишке тартылып, ар бири 250гө жакын адамды каттоого алышы күтүлүүдө.

Бул жолку эл каттоодо Кытайдын административдик аймактары — Гонконг, Макао, Тайвандын да тургундары эсепке киргизилет. Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн кытайлык дипломаттар, студенттер жана Кытайдын өзүндө жарым жылдан көбүрөөк жашап жаткан чет элдиктер да каттоого алынмакчы.

Эл каттоонун максаты бир гана калктын санын аныктоо эмес, өлкөдө канча аял, канча эркек бар экени, жумуш менен камсыздалышы жана жашы тууралуу да статистикалар топтолот.

Бул иш-чара 10-декабрга чейин созулат.

Кытайда калкты каттоого алуу алгач ирет 1953-жылы өткөрүлгөн. Анда Кытайдын калкы 600 млн болгон. Андан соң, 1964, 1982, 1990, 2000 жана 2010-жылдары да эл каттоо болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытай калкынын саны 1,4 млрд деп эсептелген. Буга Кытайдын админстративдик аймактары болгон Гонконг, Макао жана Тайвандын калкы кирген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM