Кыргызстанда 2-ноябрга карата COVID-19 илдети 436 адамда аныкталды. Анын эң көбү Бишкек шаарында катталды.
- Бишкек шаары — 112;
- Ош шаары — 32;
- Чүй облусу – 18;
- Ош облусу — 27;
- Талас облусу — 15;
- Нарын облусу — 3;
- Ысык-Көл облусу – 41;
- Жалал-Абад облусу – 108;
- Баткен облусу — 80.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 59 миң 879га жетти.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 332 бейтап сакайды.
- Бишкек шаарында – 60;
- Ош шаарында – 27;
- Чүй облусунда – 41;
- Ош облусунда – 25;
- Талас облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 19;
- Жалал-Абад облусунда – 82;
- Баткен облусунда – 75 бейтап айыкты.
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 50 миң 741ге жетти.