Биз менен байланышыңыз

Измир: Зилзаладан каза тапкандардын саны 76га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 493 | 0

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, Измирдеги жер титирөөдө каза тапкандардын саны 76га жетти.

Учурда жаракат алган 962 адамдын 743ү ооруканадан чыгарылып, 219 адам бейтапканада жатат.

Ал эми урандылардын астынан адамдарды издөө иштери дале улантылууда. Түркиянын Экология жана шаар куруу министри Мурат Курумдун айтымында, мамлекет жер титирөөдөн жабыркагандарга компенсация төлөө иштерин баштады.

Белгилей кетсек, Түркиянын батышындагы Измир шаарында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда ондогон бийик имараттар урап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM