Митингдин жүрүшүндө оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясынын лидери Саломе Самадашвили башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын добуштарын сатып алганы боюнча далилдерди дипломатиялык миссиялардын жетекчилерине көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулары жалпысынан Грузиядагы шайлоого оң баасын берип, бирок өнөктүк маалында мамлекет менен башкаруучу партияны аралаштырууга жол берилип, шайлоо кампаниясын каржылоонун принциптери жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөгөнүн белгилешти.
Саясий жарышка 48 партия жана эки саясий блок катышты.
31-октябрь күнү Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Мыйзамга ылайык, бул өлкөдө депутаттар төрт жылга шайланат.
Парламентте 150 депутат бар. Алардын 120сы партиялык тизме менен келсе, калган 30у бир мандаттуу округдардан шайланат.
Партиялар парламентке өтүү үчүн бир пайыздык чектөөдөн өтүшү керек. Ал эми мажоритардык талапкерлер шайлоочулардын добушунан 50 пайыз жогору алуусу шарт. Ал эми өкмөттүн курамын добуштардын 40 пайызынан көбүн алган партия өз алдынча эле бекитип кое алат.