Биз менен байланышыңыз

Түркия: Измирде 6,6 балл жер титирөө катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 918 | 0

Түркиянын Измир шаарында 6,6 баллга жеткен зилзала болду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде болгон. Измир шаары аталган деңиздин жээгинде жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча шаарда ондогон көп кабаттуу үйлөр кыйраган. Жер титирөөнүн айынан суу ташкыны да пайда болуп, шаарды суу каптаганы да айтылууда.

Азыркы тапта жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM