Биз менен байланышыңыз

Экс-президент бүгүнкү жума намазга катышты (видео)

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 2764 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жума намазына катышты. Бул тууралуу социалдык тармактарга видео тарады.

Анда экс-президент Жал кичирайонундагы «Сатух Бурахан» атындагы мечиттен чыгып баратканын көрүүгө болот. Ал бүгүнкү жума намазын аталган мечиттеги жамаат менен окуганы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин да экс-президент отставкага кеткенден эртеси күнү «Сатух Бурахан» мечитинде жума намазына катышкан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM