Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ветеринардык инспекциянын директору кармалды

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 441 | 0

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов жана бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Инспекциянын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө түзүлгөн келишимдердин негизинде, малдын санын көбөйтүп, бааны жасалма жол менен жогорулатуу аркылуу көмүскө киреше алып турган.

Ошондой эле тышкы компаниялардын катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеген коррупциялык схема колдонулган. Ал мамлекеттик сатып алууларга көзөмөлгө алынган гана компаниялардын катышуусун камсыздаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында вакцина жана биодарыларды өзгөчө ири өлчөмдө илимий-экономикалык негизсиз сатып алуу фактылары аныкталды.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде инспекциянын директору, башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы жана лабораториянын башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM