Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевди кабыл алды.
Садыр Жапаров 30 жыл аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка белчесинен батып, кызмат орундарга кесипкөй талаптарга жараша эмес, тууганчылык принциби боюнча дайындалып келгенин сындады.
«Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган адамдар дайындалып калган учурлар кездешет», — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекеттик башкаруу тутумун толугу менен кайрадан форматташтыруу керектигин айтты.
«Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Биз министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин санын кыскартууга баруубуз керек. Алган билими ээлеген ордуна толугу менен дал келүүсү шарт. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, пайда алып келиши зарыл», — деди өкмөт башчы.
Жапаров ар бир башкаруучу кызматка алууда тууганчылык принцип менен же соодалашуу жолу менен эмес, билим деңгээли, кесипкөйлүгү боюнча тандоо керектигин белгиледи.