Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 … +3, күндүз +11 … +16;
Талас облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз +11 … +16;
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +15 … +20;
Баткенде түнкүсүн -1 … +4, күндүз +15 … +20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4 … +1, күндүз +7 … +12;
Нарын облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз +7 … +12.
Бишкек шаарында 31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 … +3, күндүз +13 …+15 градус жылуу болот.