Биз менен байланышыңыз

«ЭлТР» телеканалына жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 452 | 0

Эрлан Догдурбеков «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Эрлан Догдурбеков буга чейин аталган компаниянын башкы режиссеру кызматын аркалап келген.

Бүгүн Жапаровдун буйругу менен «ЭлТРдин» башкы директору Шайиста Шатманова кызматтан алынган. Ал бул кызматты 11 күн аркалады.

Аталган телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM