Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Министр Алмаз Бейшеналиев борбордун ишин уюштуруу, окуу китептерин чыгаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу багытында тиешелүү адистер менен жыйын өткөрдү.