Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу: Чакырууга барган тез жардам унаасын талкалап салышты

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 580 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда чакырууга барган тез жардам кызматынын унаасын талкалап салышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

29-октябрда кечки саат 18:30 чамасында Кара-Суу районунун Бирлешкен айылынын тургуну апасынын кан басымы көтөрүлгөндүктөн Тез жардам кызматын чакырган.

Тез жардам унаасы 11 мүнөттүн аралыгында жетип, бейтаптын кан басымын текшерип жаткан учурда тез жардам кызматын чакырган жаран унаадагы айдоочуну ур-токмокко алган. Андан соң унааны талкалап салган.

Ал эми фельдшер менен айдоочу окуя болгон жерден качып чыгышкан.

Бул окуяны Ош облустук милициясы  көзөмөлгө алды. Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев, тез жардам унаасынын терезесин талкалаган адам мас абалда болгонун кабарлады.

«Бирлешкен айылына Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзүдү. Тез жардам унаасынын терезесин сындырган 56 жаштагы жаран сурак берүүдө. Ошондой эле тез жардам унаасынын айдоочусу менен дарыгери көрсөтмө берип жатышат. 56 жаштагы жаран мас абалда болгон. Ал эмне үчүн тез келген жоксуңар деп, унаанын терезесин темир буюм менен талкалап салган экен», — дейт Аширбаев.

Бул факты Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштык беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM