Биз менен байланышыңыз

Борбор Азияда кайсы өлкөнүн калкы эң жакыр жашаганы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 8772 | 0

Тажикстандын калкынын орточо жылдык кирешеси кыргызстандыктардан 1,4 эсе, өзбекстандыктардан 2 эсе, казакстандыктардан 10 эсе аз. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы Эл аралык валюта фондунун маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 9,5 миллион калкы бар Тажикстандын жарандары негизги кирешесин чет өлкөдө иштеп табышат. Өлкө ичинде дыйканчылык менен алектенүүгө жер тартыш, көпчүлүк аймагы тоолуу. Ошондой эле кен байлыктар да салыштырмалуу аз. Мындан улам Тажикстандын калкы КМШ аймагындагы эң жакыр жашагандардын катарын толуктайт.

Эл аралык валюта фондунун эсеби боюнча Тажикстанда ИДӨ адам башына 833 долларды түзөт. Кыргызстанда бул көрсөткүч 1147 доллар, Өзбекстанда 1762 доллар, Казакстанда 8781 доллар. Ал эми Түркмөнстан тууралуу маалыматта эч нерсе камтылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM