Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 9 айда жашы жете элек 70 бала өзүнө-өзү кол салган

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 260 | 0

2020-жылдын 9 ай ичинде жашы жете элек 72 бала өзүнө-өзү кол салган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен 51и эркек бала болсо, 21и кыз.

Министрликтин маалыматында, өзүнө-өзү кол салууга балдардын көйгөйлөрүнө улуулардын кош көңүл мамилеси, баланын аң-сезимине оор таасир берген үй-бүлөлүк чыр-чатактар түрткү болору айтылат.

ИИМ 9 ай ичинде жашы жете электер арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында 6 миңден ашык иш-чара уюштурду. Андан сырткары, окуу жайларда 36 миң 800 лекция окулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM