Биз менен байланышыңыз

«Шамбала» тасмасы Калькутта эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 517 | 0

Режиссер Артык Сүйүндүков тарткан «Шамбала» тасмасы Калькутта эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын маалыматына ылайык, «Шамбала» толук метраждуу тасмасы эл аралык сынактын алкагында көрсөтүлөт.

Индиядагы эң байыркы кинофестивалдардын бири деп эсептелген бул сынак 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин өтөт.

Тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Тасманын синопсиси:

Кыргызда «шам» — «жарык» дегенди билдирет. «Шамбаланын» түзмө-түз мааниси «шам» — » бала» же «жарык чачкан бала» деген маанини туюндурат.

Ал баланын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, ал эми экинчиси чоң атасы айтып берген жомок . Кийин экөө тең жок болду.⠀

Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен багып чоңойткон Бугу жөнүндө илгерки жомокко — мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет. ⠀

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM