Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Казакстанга иш сапары менен барды

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 472 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 28-октябрда Казакстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди жана бир топ мекемелердин, жеке уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Бул жолугушууларда кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттары, коопсуздук маселелелери тууралуу сөз болот.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрда Орусияга иш сапары менен барып келди. Анда ал Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Садыр Жапаровдун буйругу менен 14-октябрда Тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM