Биз менен байланышыңыз

КР эл акыны Эрнис Турсуновдун өзү жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 291 | 0

28-октябрь күнү Кыргыз эл акыны, прозаик, драматург, котормочу жана публицист Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата өзү жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдөгү Эрнис Турсуновдун ролу» темасында илимий конференция жана китеп-сүрөт көргөзмө өттү.

Эл акыны Эрнис Турсунов чебер котормочу катары дүйнөлүк жана орус классиктеринин, айталы, А. С. Пушкиндин, А. Н. Некрасовдун, Шекспирдин, С. Есениндин, Р. Гамзатовдун, Н. Хикметтин, Брехтин, Рудаки, Камюнун чыгармаларын, мусулмандардын ыйык китеби «Куранды», христиандардын “Библиясын» кыргызчага которгон.

Ошондой эле «Биздин радиотеатр» сыяктуу уктурууларды, бир катар классикалык көркөм чыгармаларды Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жаздырган.

Кыргыз адабиятына, маданиятына сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Эл акыны ардактуу наамы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM