Биз менен байланышыңыз

9 айда жол кырсыгынан 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылган

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 360 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан тогуз айда 4 миң 184 жол кырсыгы катталып, андан 496 адам каза болуп, 6 миң 270 жаран ар кандай жаракат алышкан.

Ошондой эле арасында балдар да болгон 900дөн ашык жол кырсыгы катталып, 60 бала каза болду. Миңден ашык бала ар кандай жаракат алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM