Биз менен байланышыңыз

Зардалыдагы окуучуларга Илимбокс орнотулат. Сиз да көмөктөшүңүз

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 464 | 0

Кыргызстандын интернет коомчулугу (ISOC ) Баткен облусундагы Зардалы айылына Илимбокс электрондук китепканасын орнотот.
Илимбокс — бул электрондук китепкана, ал өзүнө Билим берүү жана илим министрлиги жана Хан Академиясы тарабынан сунушталган 1,5 млн Википедиянын макалаларын, бардык тиешелүү видео, аудио жана тексттик ресурстарын, ЖРТ тест жана башка материалдарды камтыйт. Илимбокс интернетсиз эле иштейт.
ISOC командасы Зардалыда электр кубатынын жоктугуна карабастан, балдардын билим берүүчү материалдарга жеткиликтүү болуу үчүн Илимбоксту күн панели жана заряд үчүн аккумулятору менен орнотууну пландаштырууда.

Мектепте 15-20 окуучу окуйт, бирок алардын эч кимисинде смартфон жок. Ушул себептен биз ушул айылга жардам берүүнү каалаган пикирлеш адамдарды издеп жатабыз. Эгер сизде эски же жаңы смартфондорду окуучуларга белек кылууну кааласаңыз, анда биз аларды сиздердин атыңыздан берүүгө кубанычта болобуз.
Жардам көрсөтүү үчүн комментарийге жазыңыз же +996 755 330 335 номерине чалыңыз,-деп айтылат билдирүүдө.

Зардалы айылы Кыргызстандагы жетүүгө эң кыйын айыл болуп саналат жана ал жакта электр энергиясы жана мобилдик байлайланыш такыр жок.

Copyright © 2017 Maral FM