Биз менен байланышыңыз

Эгемен Кыргызстандын 31-өкмөтү ант берди

Кыска кабар , Саясат | 28 Окт 2020 | 745 | 0

Бүгүн, 28-октябрда эртең менен парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети Элвира Сурбалдиеваны вице-премьер-министрлик кызматка, Аида Исмаилованы Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына сунуштаган.

Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы  жыйыны Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин карап, суроо узатпастан бир добуштан колдоп беришти. Ал бул кызматка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаганын, тармактын ишин алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди.

— Бюджеттин тартыштыгы расмий түрдө 35 миллиард сомго жетти, пандемия күчөп жатат, менин ниетим баягыдай эле түз. Өкмөткө барсам деле мүнөзүм өзгөрбөйт. Ушундай оор кырдаалда мамлекетти таштап, жүз буруп кетүүнү туура көрбөйм. Эми сын-пикир айтпастан барып иштөө мүмкүнчүлүгү берилип жатат, иштеп далилдейм. Жеке амбицияларды четте калтырып, мамлекет үчүн иштеп берүү максатында сунушту кабыл алдым, — деди Сурабалдиева.

Эл өкүлү бир күн мурда депутаттык мандатын тапшырган.

Ал эми Аида Исмаилованын талапкерлигин караган эл өкүлдөрү анын буга чейинки иштерин катуу сындап, июль айындагы илдеттин кесепеттери үчүн айыпташты. Парламент төрагасы Канатбек Исаев Исмаилованы илдетти ооздуктоо аракетин, жарандардын саламаттыгын коргоо иштерин чабал жүргүзгөн деп күнөөлөдү.

-Пандемия күчөгөн маалда Санкт-Петербургдан келген дарыгерлер бул көрүнүштү «кыргыз эли үчүн геноцид» деп атады. Өлгөн адамдардын 70 пайызын аман алып калса болот эле. Тилекке каршы, туура эмес дарылоонун айынан миңден ашуун жаран көз жумду. Бул — азайтылган статистика. Врачтар өлүмдүн санын аз көрсөтүү үчүн каза болгондорду башка себептен өлдү деп корутунду жазышкан. Алар жөнүндө менде фактылар бар.  

Натыйжада, Исмаилованын талапкерлигине көпчүлүк депутаттар каршылыгын билдирип, колдошкон жок. Аида Исмаилова буга чейин социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген.

Бүгүн Жогорку Кеңеште президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берди.

Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын премьер-министрлигине бир добуштан шайланып, өкмөттүн түзүмү жана Жапаров сунуштаган курамы жактырылган. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинин соңунда өкмөт башчы жаңы дайындалган министрлерди өлкөдөгү абалды турукташтырып, түзүлгөн жагдайдан тезирээк алып чыгып кетүүгө чакырды.

— Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, болгон күчүңүздөрдү, билимиңиздерди, кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө, абалды тез арада турукташтырууга, Конституциялык реформаларды бир кишинин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууга жардам бериңиздер.

Ошондой эле ал парламенттен өлкөдө түзүлгөн абалдан чыгарып кетүү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алып берүүнү суранды.

Эгемендүү Кыргызстандын 29 жылдык тарыхындагы 31-өкмөттүн курамы 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бекитилген.

Даярдаган: Дастанбек Каримов

Copyright © 2017 Maral FM