Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Вице-мэрлердин иштен алынышына нааразы тараптардын митинги өттү

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 445 | 0

28-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулгандар вице-мэрлер Алимбек Абдылдаев, Виктория Мозгачевалардын кызматтан алынышына нааразылык билдиришти.

Шаар мэринин милдетин аткара баштаган Балбак Түлөбаев чогулгандардын алдына чыгып, даттанууларын укту.

Топтолгондор иштеп жаткан вице-мэрлердин кызматтан алынышы мыйзамсыз экенин айтышууда.

Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова: «Кирип жакшы эле айттым. «Иштеп жаткан вице-мэрлерди эмнеге иштен аласың?» — дедим. «Өзүм коркуп жатам», — деди. «Корксоң, корко бер!» — деп басып кеттим», — деди «Маралдын» суроолоруна жооп берип жатып.

27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эки вице-мэр — Алимбек Абдылдаев жана Виктория Мозгачеваны иштен алган.

Түлөбаев өзү да ошол эле күнү кызматка дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM