Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан», «Реформа», «Замандаш» жана башка партиялар кыймыл түздү

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 1707 | 0

Кыргызстанда бир топ партия «Үмүт» саясий кыймылын түзүштү. Алар маалымат жыйын өткөрүп, парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү талабын коюшту.

«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик шайлоону жылдыруу мыйзамсыз экенин айтышууда.

Коюлган талаптар:

-Парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү;

-Шайлоо босогосун, күрөөнү төмөндөтүү жана форма-2 менен каттоону токтотуу боюнча мыйзам долбооруна президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кол коюшу;

-4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол берген ИИМ, прокуратура органдарынын кызматкерлерин жоопко тартуу;

-Борбордук шайлоо комиссиясына кысым көрсөтүүнү токтотуу;

-Азыркы парламенттин иштөө мөөнөтү бүткөндүктөн тарап кетишин талап кылуу;

«Үмүт» саясий кыймылына кирген партиялар — «Бүтүн Кыргызстан», «Мекен ынтымагы», «Реформа», «Социал-демократтар», «Замандаш» партиялары жана «Калыс» кыймылы. Мындан башка дагы бир нече партия бар экени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM