Биз менен байланышыңыз

Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтолууда

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 448 | 0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин спикери Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоп жатышат. Бул тууралуу эл өкүлү Сайдулла Нышанов журналисттерге билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча депутаттардын көбү Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Талант Мамытовду колдоп жатышат.

Төрагага ишеним көрсөтпөө үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу талап кылынат.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенден кийин анын милдетин аткаруу парламент төрагасына жүктөлгөн. Бирок Канатбек Исаев ал милдетти аткаруудан баш тарткан. Мамлекет башчынын милдетин аткаруу өкмөт башчы Садыр Жапаровго берилген.

Эгер Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышса, президенттин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM