Биз менен байланышыңыз

ЖКККББнын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев кармалды

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 1849 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан коррупциялык схема түзүлгөнүн аныктады.

2020-жылдын 27-октябрында ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында, аталган башкармалыктык башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев кармалды.

Ал Патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлерди жумушка ороноштуруу маселелерин оң тарапка чечип берүү жана учурдагы кызматкерлерди жогорулатуу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турганы кабарланды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси («Пара алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM