Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 612 | 0

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок. Жыйынга катышкан 65 депутаттын 30у колдоду. Дагы 9 эл өкүлү ишеним кат менен катышты.

Исмаилованын талапкерлигин депутаттарга биринчи вице-премьер министр Артем Новиков тааныштырды.

Бүгүн Исмаилованын талапкерлигин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети да жактырып, жалпы жыйынга сунуштаган.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева буга чейин вице-премьер-министр кызматын аркалап келген Аида Исмаиловага: «Эмне үчүн пандемия маалында калктан топтолгон каражаттардын, донорлордон келген акчалардын кайда жумшалгандыгы тууралуу маалымат ачык берилбей жатат?» — деген суроо узатты.

Исмаилова бардык маалыматтар басма сөз жыйындары аркылуу берилип турганын айтты.

Ал эми депутат Жыргалбек Турускулов: «Коронавирус илдетинин экинчи толкуну башталдыбы? Ага даярдык кандай? Эмне үчүн той-топурлар токтотулбай, калк көп чогулган жагдайларды карабай жатасыңар?» — деген суроолорду берди.

«Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийлик жетекчилери менен бирге той-аштарды токтотуу жана базарларды көзөмөлгө алуу багытында чаралар каралууда» — деп жооп берди Аида Исмаилова.

Төрага Канатбек Исаев Исмаилованын ишмердүүлүгүн сынга алып: «Сиз аталган кызматка сунушталып жатканда эле Өкмөттө же министрликте иштеген адамды көрсөтсөңөр болмок деген пикиримди билдиргем. Айтылган пикир далилденип, сиздин ишиңиз сынга алынууда. Сиз вице-премьер-министр кызматын аркалап турганыңызда, пандемиядан улам көптөгөн адам каза болду. Тилекке каршы, аталган ооруну дарылоо протоколу улам өзгөрүп турду. Илдет биринчи Кыргызстанга келген жок да. Макул, Кытайдан ала албайсыңар, Италиядан ала албайсыңар. А эмне үчүн россиялык кесиптештериңер менен акылдашкан жоксуңар?» — деди.

Ошондой эле пандемия маалында иштеген өкмөт мүчөлөрүнүн, анын ичинен Исмаилованын да туура эмес иш алып барганы — көп кишинин каза болушуна түрткү болгонун эске салды.

Аида Исмаилова 27-октябрда вице-премьер-министр кызматынан бошотулган. Ал аталган кызматка ушул жылдын апрель айында дайындалган эле.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынан катышып, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, кызматына кайра кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM