Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 538 жаңы учур катталып, 414 бейтап сакайды

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 120 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 538 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаары — 139;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй облусу – 40;
  • Ош облусу — 52;
  • Талас облусу — 25;
  • Нарын облусу — 17;
  • Ысык-Көл облусу – 31;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу — 125.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 57 миң 276га жетти.

COVID-19 илдетинен бир суткада эки киши каза болуп, жалпы өлүм учуру 1138ге жетти.

Бир суткада коронавирустан 414 бейтап сакайды. Ушуну менен коронавирустан 48 миң 637 адам айыкты.

Учурда стационарда 3479 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 3488 адам бар.

Copyright © 2017 Maral FM