Биз менен байланышыңыз

Бүгүн көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 262 | 0

Бүгүн, 28-октябрь күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20  метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облусунда +3…+8 градус жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9…+14;

Ысык-Көлдө +7…+12;

Нарында +6…+11.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +6…+8 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM