Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Умра сапарына уруксат бериле элек

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 503 | 0

Сауд Араб Падышалыгы умра сапарына убактылуу уруксат бере элек өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

1-ноябрдан баштап Умра сапарына уруксат берүүнүн этаптары иштелип чыккан. Анын алкагында 108 өлкөгө уруксат берилди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусия өлкөлөрү бар.

Убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны — 20. Алардын катарында Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргызстан бар.

Ал эми таптакыр уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны — 56. Алар: Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары ж.б.

23-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксат бериле турганын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгарын маалымдашкан.

Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана Умра министрлиги умра ибадатын уюштурууда адамдардын коопсуздугуна, ден соолугуна кепилдик берген жол менен «Коопсуз умра» жана кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө механизмин жарыялады.

Ага ылайык, министрлик зыяратчылардын сапары учурунда коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн тийиштүү тараптар менен макулдашып иштеп жаткандыгын жана ден соолук протоколдорун колдонууну эске алуу менен бекитилген планга ылайык учактагы отургучтардын керектүү көлөмүн камсыз кылуу максатында улуттук авиакомпания менен макулдашылгандыгын ырастады.

Пандемия башталгандан бери биринчи жолу чет өлкөдөн умра сапарына келгендерди кабыл алуу ноябрь айынын башында башталары айтылган.  Учурда мурунку абалга кайтуу графигинин үчүнчү этабы даярдалууда.

Умра компаниялары жана чет өлкөлүк лицензия алган туристтик агенттиктер чет өлкөдөгү зыяратчыларга кызмат көрсөтүү регламенти 4 талаптан турат.

Ошондой эле чет өлкөдөн умрага келүүчү жарандардын жаш курагы 18 жаштан 50 жашка чейин чектелди.

Коронавирус илдетинен таза экендигин далилдеген маалымкатты өз өлкөсүндө ишенимдүү деп таанылган лабораториядан (ПЦР тест) умрага баруудан 72 саат мурун алуусу талап кылынат.

Умра ибадатын аткаруу, ыйык Харам мечитинде намаз окуу, Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитин зыярат кылуу жана Рауза Шарифте  намаз окуу убактысы алдын ала мобилдик тиркеме аркылуу брондолот. Брондоо учурунда барып келүү авиабилети талап кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM