Биз менен байланышыңыз

Элвира Сурабалдиева депутаттык мандатын тапшырат

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 1087 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мандатын тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы тастыктады.

БШК Сурабалдиеванын мандатын башка талапкерге тапшырат.

Буга чейин Башкы прокурорлукка дайындалган депутат Курманкул Зулушевдин мандаты да башкага берилет.

Элвира Сурабалдиева бул жолку парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен барды.

Сурабалдиеванын өмүр баяны

1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча, 2003-жылы Улуу Британиянын Бристолдук университетинин «эл аралык байланыштар» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айынан баштап Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.

2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.

2006-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын август айына чейин «Кудайберген» автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM