Биз менен байланышыңыз

Максат Мамытканов «Семетей» госпиталынын курулушун көрүп келди

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 340 | 0

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов мурдагы «Ганси» аскер базасынын аймагында жайгашкан «Семетей» госпиталына барды.

«Семетей» госпиталында коронавирустун экинчи толкунуна карата даярдык алкагында 1300 орун даярдалган, ошондой эле 5 кошумча корпус тийиштүү инвентарь менен жабдылып, медициналык кызматкерлерди жайгаштыруу үчүн даярдалган.

Учурда госпиталь жарандарды кабыл алууга 90% даяр, шыптарды которуу, ошондой эле электр-монтаждоо жана сантехникалык иштери калган.

Мамытканов кыска мөөнөт аралыгында бардык ремонт иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

«Семетей» госпиталы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында жарандарды жайкысын кабыл алуу үчүн ыкчам түрдө уюштурулган.

Бирок техникалык мүнөздөмөсүнө байланыштуу анын күз-кыш мезгилинде пайдаланылышы мүмкүн эмес болгондуктан күз-кышка карата даярдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM