Биз менен байланышыңыз

Ошто көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар эвакуацияланды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 362 | 0

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бул тууралуу маалымат түшүп, аны өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

Мындан сырткары министрликтин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Ош шаардык Куткаруу кызматы тартылган. Өрт саат 15:05те чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланды. Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM