Биз менен байланышыңыз

Кеңешбек Дүйшөбаев Матраимовдун кармалышын “театралдашкан шоу” деп атады

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 455 | 0

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышын “театралдашкан шоу” деп атады. Ал мындай пикирин журналисттерге берген маалымат жыйынында айтты.

«Коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз деген иш-аракеттердин баары театралдашкан шоу сыяктуу болуп жатат. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болгон. “Азаттык” радиосу жүргүзгөн иликтөөлөрдө айтылган 700 милллион доллардын чыгарылып кетүүсү тууралуу, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө.

Өз кезегинде күч түзүмдөрүнүн баары, финансылык чалгын кызматы да бул иштерге Райымбек Матриаимовдун эч кандай тиешеси жок деп жарыялап келишкен. Жакында эле аны кармап келишип, бир нече саат суракка алып кайра чыгарып жиберишти. Ошол жерден «Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки млрд сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады» дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да».

Дүйшөбаев ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Райымбек Матраимовдун бул ишине кийлигишкенин кескин сынга алды.

«Ал киши, прокурорбу? же сотпу? тергөөчүбү? Конституцияда анын тергөө ишине аралашып, буйрук бергенге ыйгарым укугу жок», -деди Дүйшөбаев.

Садыр Жапаров буга чейин Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбей турганын, анын иши дагы карала турганын жана 80 миллион сом төгүп бергенин айткан. Матраимов жалпы 2 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилип, үй камагына чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынынын жүрүшүндө коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулганын айтты. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында 15-октябрда дайындаган болчу.

Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылы Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы, ага чейинки жылдарда ички иштер министри, биринчи-вице-премьер министр болуп иштеген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кеңешбек Дүйшөбаевдин айткандарын четке какты.

“Атайын кызмат криминал менен активдүү күрөшүүнү жүргүзүп жатат. Баары мыйзам чегинде болууда. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схеманы жоюу, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана крим чөйрөсүнүн тамырын кыркуу аракеттери көрүлүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

УКМК жемкорлук жана криминалга каршы күрөш күчөтүлөрүн билдирүүдө.

Дастанбек Каримов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM