Биз менен байланышыңыз

Кинотеатрлардын ишин жандандыруу сунушталды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 328 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрларынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кинотеатрлар 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин жабык турду, 7 айдан бери бул тармак ири финансылык жоготууларга келгендиги айтылды.

“Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келүүдө. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда», -деп айтылат маалыматта.

Апрель айынан бери кинотеатрлардын миңге жакын кызматкерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнгөн эмес. Ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон тасмаларды ижарага алуу жана аны сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер бар.

Бул жагдайларды эске алып, өлкөдөгү кинотеатрларды ачуу сунушталды.

Маданият министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге санитардык-эпидемиологиялык режимдерди сактоо боюнча алгоритм иштеп чыккан.

2019-жылы өлкөдөгү кинотеатрлар тарабынан бюджетке 100 млн сом төгүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM