Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бийлик криминал менен сүйлөшүп алды деп айтылгандар калп

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 571 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айткандарын четке какты. Дүйшөбаев бүгүн маалымат жыйынында «бийлик криминал менен сүйлөшүп алган» деген пикирин айткан.

Атайын кызмат криминал менен активдүү күрөшүүнү жүргүзүп жатат. Баары мыйзам чегинде болууда. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схеманы жоюу, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана крим чөйрөсүнүн тамырын кыркуу аракеттери көрүлүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

УКМК жемкорлук жана криминалга каршы күрөш күчөтүлөрүн билдирүүдө.

27-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан Кеңешбек Дүйшөбаевди алып, ордуна Рыскелди Мусаевди дайындады.

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 15-октябрда мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен дайындалган эле.

Коопсуздук Кеңешинин буга чейинки катчысы Дамир Сагынбаев 10-октябрда кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM