Биз менен байланышыңыз

28-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 286 | 0

28-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарында жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM