Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Бир суткада 568 адам катталды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 358 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 568 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, эң көп учур Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен облустарында катталды:

  • Бишкек — 159;
  • Ош — 29;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ош облусу — 17;
  • Талас облусу — 16;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 120;
  • Баткен облусу — 129 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 56 миң 738ге жетти.

27-октябрга карата COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери 1136 адам коронавирустан каза тапты.

Ушул күндөрү стационарда 3398 бейтап дарыланып жатат, ал эми үй шартында 3454 бейтап бар.

Өлкөдө акыркы бир суткада 380 бейтап коронавирустан сакайды. Айыккандардын жалпы саны 48 миң 223кө жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM