Биз менен байланышыңыз

Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчысын алмаштырды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 717 | 0

Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Дагы бир Жарлыкка ылайык, Кеңешбек Дуйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду.

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 15-октябрда дайындалган эле.

Дүйшөбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы. Ал ага чейин ички иштер органдарында иштеген. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын шайлоо штабын жетектеген.

Коопсуздук Кеңешинин буга чейинки катчысы Дамир Сагынбаев 10-октябрда кызматынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM