Биз менен байланышыңыз

Түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте ачуу сунушталды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 541 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Жапаров өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаал тууралуу айтып, элдин биримдигинин негизинде саясий кризис ыкчам жана тынч чечилгендигин белгиледи.

Ошондой эле тараптар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө да токтолушту.

Багдад Амреев «Түрк Кеңеши – 2025» стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалап өттү.

Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу демилгесин колдоду.

Copyright © 2017 Maral FM