Биз менен байланышыңыз

Түлеев: Балбак Түлөбаев Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болду

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 554 | 0

Балбак Түлөбаев Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу шаардын башчысынын буга чейин милдетин аткарып жаткан Нариман Түлеев кабарлады.

Ал Түлөбаевди мэрликке татыктуу кадр экенин айтып, өзү жакында расмий түрдө отставкасын жарыялайт.

Түлеев өзү “Ак-бата” саясий партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети бар экенин, андан кийин гана мыйзамдуу жол менен шаар мэрлигине келүүгө даяр экенин айтты.

26-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болору тууралуу маалымат тараган. Бул кабарды шаардык кеңештин депутаттары да тастыктады, бирок расмий маалымат бериле элек.

Ага чейин Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеткени жана Президенттин иш башкармалыгына кызматка дайындалары айтылып жаткан.

Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2020-жылдын 27-июлунда дайындалган.

Ал ага чейин Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM