Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ширин Айтматовага кылмыш иши ачылган эмес

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 399 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандык активист Ширин Айтматовага карата кандайдыр бир кылмыш иши ачылбаганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 26-октябрда тараткан билдирүүдө Айтматова тергөө органдарына чакырылган эместиги айтылат.

Атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгы сотторго басым жасоо аркылуу Бишкектин №1 тергөө абагында кармалган ишкер Сыргак Кенжебаевди чыгарууга аракет кылуу фактысын тергеп жатат. Кенжебаев «ири өлчөмдөгү алдамчылык» боюнча шектелип кармалган.

УКМК билдиргендей, учурда бул иш боюнча күбөлөр суралды, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM