Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго издөө жарыяланды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 531 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Сапар Исаков менен Албек Ибраимов соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна таянып берилген мөөнөттө абакка кайтып келишкен эмес.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

Саясатчылардын азыр кайда экени белгисиз.

6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон башаламандык учурунда абактан бир топ саясатчы чыгарылган. Алардын көбү кайра камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM