Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Макрондун кайым айтышы түрк лирасына таасир тийгизди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 367 | 0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогоандын Франция президенти Эманнуэль Макронго айткан ачуу пикири Түркиянын Европа Биримдиги жана АКШ менен мамилесине да таасирин тийгизип, мунун кесепетинен түрк лирасынын кунун түшүрдү, тактап айтканда, бир күндө эле 1 АКШ доллары 8 лирага бааланып калды.

Белгилей кетсек, Мухаммед пайгамбарды мазактаган карикатураны окуучуларына көрсөттү деп айыпталып, чечен улутундагы жан кечтинин колунан каза тапкан француз мугалимдин өлүмүнө байланыштуу Франция президенти Эманнуэль Макрон исламга каршы катаал чараларды киргизерин, мечиттердин каржысын кыскартарын жар салып, өз өлкөсүн араб өлкөлөрү менен болгон соода карым-катышка бойкот жарыялоого чакырган болчу.

Кайсериде өткөн «Ак партиянын» жыйынында сөз сүйлөгөн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Макрондун билдирүүсүнө жооп кылып: «Макрондун психикалык дарыланууга муктаждыгы бар», — деген.

Эрдогандын ушул сөзүнөн кийин Макрон дароо Түркиядагы элчисин чакыртып алган.

Ал эми Европа Биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Эрдогандын бул сөздөрүн өтө орой чакырык атап, Европа Биримдигин сыйлоого чакырып, болбосо Түркияга каршы бир катар санкцияларды киргизерин эскерткен.

25-октябрда АКШнын санкцияларынын коркунучуна карабастан Орусиядан сатылып алынган С-400 зенит-ракеталык комплекстеринен баш тартпай турганын билдирген Эрдоган өз өлкөсүн француз товарларын сатып албоого үндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM