Биз менен байланышыңыз

«Ну, погодинин» заманбап версиясы тартылып жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 386 | 0

«Союзмультфильм» киностудиясы «Ну, погоди!» мультфильминин жаңы, учурга ылайыкташкан версиясын тартуу үчүн коёндун акыркы визуалдык образын сунуштады. Жаңы имидж 30дан ашык вариациянын арасынан тандалып алынганын студиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мултфильмдин жаңы чыгарылыштарында коёндун үнүн шоумен Дмитрий Хрусталев, ал эми карышкырдын үнүн Гарик Харламов окуйт.

«Биздин чыгармачыл топ көптөн бери тентек баатырдын заманбап образын издеп келишкен, образдын 30дан ашык вариациясы түзүлгөн. Образ жаратууда каармандардын мүнөздөрүнүн тең салмактуулугун табуу, ошондой эле классикалык версия менен болгон катышты сактоо маанилүү болгон», — деди киностудиянын башкы продюсери Юлия Осетинская.

«Союзмультфильм» «Ну, погоди!» мультфильмин кайра жаратуу иштерин 2020-жылы башталган. Жаңы анимациялык серия классикалык версиянын түздөн-түз уландысы болбойт, бирок салттуу диалогсуз комедия жанрын сактоо менен тарыхтын чыныгы окулушу болору болжолдонууда.

Мультфильм 3D форматында тартылат, ал эми сериалга жаңы каармандар — Тим (барсук), Шу (кирпи) жана Улья (марал) да тартылат. Андан кийин алар популярдуу «Роза Хутор» тоо курортунун талисманына айланат.

Учурда 52 эпизод мерчемделүүдө, анимациялык сериалдын максаттуу аудиториясы — 6-8 жаштагы балдар. Мультфильмдин бет ачары 2021-жылдын кыш айларында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM