Биз менен байланышыңыз

Министр: Экинчи толкунду жогорку чекке жеткирбей жеңебиз

Ден соолук | 26 Окт 2020 | 1650 | 0

Өлкөбүздө болуп өткөн акыркы саясий окуяларга байланыштуу адамдардын көп топтолушу, санитардык эрежелердин сакталбаганы коронавирустун күч алышына таасирин тийгизди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү брифингде маалымат берди.

Анын айтымында, жетиштүү орундарды даярдоо, дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен камсыз кылуу — азыркы таптагы кечиктирилгис милдеттердин бири.

«Азыркы учурда коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатат. Биз коронавирустун жогорку чегине жеткирбей, ушул бойдон чыгып кеткенге аракет кылып жатабыз. Буга чейинки «50 кишиден ашык адамдын топтолуусуна тыюу салуу жөнүндө» токтомдогу эрежелерди эч ким сактабай калды. Ошону кайра күчүнө киргизишибиз керек, ошондой эле буга чейин кабыл алынган бардык эрежелерди сактасак, өсүш токтоп калат. Медиктер, академиктер телеканалдардан чыгып сүйлөп, элге жеткириши керек. Беткап кийсек, санитардык-профилактикалык ченемдерди кармансак  эле токтойт», — деди Бейшеналиев.

Буга чейин эксперттер коронавирустан айыккан адамдар кайталап оорубай турганын айтышкан. Бирок акыркы күндөрү Европанын айрым өлкөлөрүндө экинчи жолу жуктуруп алган фактылар катталууда. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге: «Коронавирусту кайра жуктуруп алган учурлар Кыргызстанда да катталдыбы?» — деген суроо узаттык.

«Бул — жаңы оору болгону үчүн окумуштуулар толук изилдеп бүтө элек. Айрым адистер: «Бир-эки айга иммунитет пайда болот», — десе, кээ бирлери: «Болбойт», — деген жооп узатышууда. Андыктан толук, ачык эч ким айтып бере албайт. Экинчи жолу ооругандар Кыргызстанда да катталды», — деп жооп берди Бейшеналиев.

Бейшеналиев өз сөзүндө коронавирус күчөп баратканына байланыштуу чектөөлөрдү киргизүү боюнча Өкмөткө сунуш киргизгенин маалымдады.

«Күндөн-күнгө өсүп жатат. Буга байланыштуу Өкмөткө: «Тойлорду, массалык иш-чараларды токтоткула, чектөөлөрдү күчөткүлө», — деген сунуш киргиздик. Саламаттыкты сактоо министрлиги чектөөлөрдү киргизүү боюнча өзү токтом чыгара албайт. Бүгүн да биринчи вице-премьер-министр менен жолугушуп, ушул маселени карайбыз. Андай токтом киргизбесек, өсүүлөр күчөп жатат», — деди Саламаттыкты сактоо министри.

Коронавирустун биринчи толкунунда дарыларга болгон суроо-талаптын көптүгүнөн баалар эки эсе көтөрүлүп, мамлекет жөнгө салбай, башаламандык күчөгөн. Аны кайталабоо үчүн учурда дары-дармекти жетиштүү өлчөмдө камсыз кылуу боюнча министр өзү текшерүү жүргүзүп чыкканын, буюрса 1-1,5 айга жете турган запас бар экенин билдирди.

«Биринчи толкунда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду фармкомпанияларга 1 млрд 200 млн сом карыз болуп калган. Азыркы кезде 540 млн сом берилди. Фармкомпанияларга өзүм кепил болуп, эгерде оорулардын саны көбөйүп кетсе, бардык дары-дармек менен камсыздап берүү маселесин ушул демалышта сүйлөшөйүн деп жатам», — деди Бейшеналиев.

Жогоруда аталган маселерден тышкары министр 26-октябрга карата саламаттыкты сактоо уюмдарынын 377 кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай кенемте төлөнгөнүн, каза болгон 27 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилгенин, «кызыл зонада» иштегендиги үчүн сентябрь айында 5241 медициналык кызматкер жалпы суммасы 71 миллион 671 миң 429 сом алышканын маалымдады.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча COVID-19 менен ооругандарга стационардык жардам көрсөтүү үчүн 5006 койка бар, бул жалпы даярдалган орундардын 61%ын түзөт, дагы 39 %ы бош турат. Зарылчылык болсо адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары дагы тартылат, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 8163 орун каралган.

Copyright © 2017 Maral FM