Биз менен байланышыңыз

«Тышкы иштер министринин кызматын вице-премьер деңгээлине көтөрүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2020 | 454 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги реформага муктаж экенин дипломат Таалатбек Масадыков «Маралдын» «Күн чабыт» талкуу программасынын жүрүшүндө белгилеп өттү.

Анын пикиринде Кыргызстандын 30дан ашык өлкөдөгү элчилик жана консулдуктарынын ишин кайрадан карап чыгуу зарыл. «Ошол эле учурда кадр саясатынын жоктугунан, атасы баласын, дос, тааныштарын элчи кылганга аракет кылып жатат. Албетте, конокту күтүп алып, визага мөөр басканды баары эле кыла алат. Анын эч кандай оорчулугу жок. Бирок тышкы саясатты жүргүзө албай жаткандыктан, ТИМдин аброю түшүп жатат», — деп эсептейт Масадыков.

Ошондой эле, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин даражасын дагы да көтөрүү зарыл экенин айтты. «Мурунку ТИМ башчысынын бир менен сүйлөшүп калганда, тышкы саясатты президент айткан багыт боюнча гана иш алып барарын айтты. Демек, бизде президенттин аппаратынын тышкы саясатынын бөлүм башчысы тапшырманы белгилеп жатат. Министрликтин өзүнүн көз карашы, саясаты жок»-деп кошумчалады.  Бул көйгөйдү жоюу үчүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин рангын дагы да көтөрүп, вице-премьер деңгээлиндеги бир кызмат кылса болорун да сунуштады.

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу дипломат Таалатбек Масадыков менен болгон маектин толук видеосун бул шилтемеден көрсөңүз болот:

Масадыков менен тышкы саясат тууралуу маек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM