Биз менен байланышыңыз

ФОТО: Төө-Ашуудагы жол тыгыны

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 1749 | 0

Бүгүн Төө-Ашууда кар түшкөнүнө байланыштуу жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу социалдык тармактарда айдоочулар жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатканын билдирген.

Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында жаан жаап жатат, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөө.

ӨКМ тоолуу унаа жолдору менен алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга унаанын дөнгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү жабдууларды ала жүрүүнү эскертет. Мындан сырткары унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл району бөлүмүнүн кызматкерлери ашууларга жөнөп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM