Биз менен байланышыңыз

БШК: 25 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди (тизме)

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 769 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты билдиргендей, 20-декабрга белгиленген шайлоого катышуу үчүн 25 партия арыз тапшырды. БШКнын талабына ылайык, шайлоого катышууну каалаган партиялар катышуу ниетин 24-октябрга чейин расмий билдирүүсү зарыл. Учурда 25 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Алар:

  1. Кыргызстан жашылдар партиясы
  2. Бүтүн Кыргызстан
  3. Билим Илим Ордосу
  4. Мекен Ынтымагы
  5. Ата Мекен
  6. Ыйман Нуру
  7. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу   кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы
  8.  Эл биримдиги
  9.  Улут Ордо
  10.  Элдик Кенеш
  11.  Глас Народа
  12.  Партия Патриот
  13.  Актив
  14.  Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана
  15.  Адилеттүү Кыргызстан
  16.  Социал-демократтар
  17.  Өнүгүү Кыргызстан
  18.  Ордо
  19.  Республика
  20.  Ак Шумкар
  21.  Реформа
  22.  Республиканская партия Улутман
  23.  ЛДП НУР
  24.  Улуу Журт
  25. Бүткүл жаштар саясий партиясы

Бирок, БШК шайлоону токтотуу боюнча парламентте кабыл алынган мыйзам долбоору боюнча азырынча үн ката элек. Белгилей кетсек, кечээ, 22-октябрда Жогорку Кеңеш парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн Конституцияда көрсөтүлгөн убактан токтотуп туруу боюнча чечим кабыл алган. Мыйзам долбоорго президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ошол эле күнү кол коюп, мыйзам күчүнө кирди деп белгилеген. Ошондой эле бүгүнкү билдирүүсүндө шайлоо мартка чейин өтөт деп кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM