Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Ашууларга кар түштү

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 364 | 0

Бүгүн Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында жаан жаап жатат, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөө.

ӨКМ тоолуу унаа жолдору менен алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга унаанын дөнгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү жабдууларды ала жүрүүнү эскертет. Мындан сырткары унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл району бөлүмүнүн кызматкерлери ашууларга жөнөп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM